Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Европа менен Азияда ай тутулат


7-августта кеч менен Европа, Азия, Африка жана Австралиянын бир катар аймактарында жарым жартылай ай тутулуусу байкалат. Анын даана көрүнгөн учуру Бишкек убактысы боюнча саат 22:20га туура келет. Эксперттердин айтуусунда, тутулуунун башында ай кызара баштайт. Жер Күн менен Айдын ортосуна келгенде жарым жартылай ай тутулат.

Адатта ай тутулуусунан эки жумадан кийин күн тутулат. Бул жолу толук күн тутулууну АКШнын тургундары 21-августта байкай алышат. Жер менен Күндүн ортосунда Ай туруп калганда күн тутулуусу болот.

XS
SM
MD
LG