Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

Польшага келген Саакашвили украин президентин сындады


Михаил Саакашвили
Михаил Саакашвили

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили украин президенти Петро Порошенкону "советтик диктатордук ыкмаларды" колдонду деп айыптады. Ал мындай пикирин "Азаттыктын" орус кызматынын Польшадагы кабарчысы Алексей Дзикавицкийге курган маегинде айтты. Кезинде Украинанын Одесса облусунун да жетектеген Саакашвили украин паспорту менен Америкадан Польшага келгенин, бардык эле өлкөлөр "диктатордук аракеттерди" тааныбай турганын кошумчалады.

Ал ошондой эле украин президенти адамды жарандыгы жок калтыруу менен өлкөнүн Башмыйзамын жана эл аралык нормаларды бузганын, өз укугу үчүн күрөшөөрүн билдирди. Украинанын президенттик администрациясы грузин саясатчысынын соңку билдирүүлөрүнө жооп кайтара элек.

Грузин саясатчысы АКШда жүргөндө украин жарандыгынан ажыратылганы 26-июлда белгилүү болгон. Буга Саакашвилинин эки жыл мурда украин атуулдугун аларда жалган маалыматтарды көрсөткөнү себеп болду деп кабарланган.

2003-жылы Грузиядагы "Роза ыңкылабында" атагы чыгып, өлкөнү 2013-жылга чейин башкарган Саакашвили 2015-жылдын 30-майында украин жарандыгын алган болчу. Андан көп өтпөй Саакашвили грузин атуулдугунан да ажыратылган.

XS
SM
MD
LG