Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:08

Түндүк Корея Гуамга сокку урууну изилдеп жатканын билдирди


Гуам аралы
Гуам аралы

Түндүк Корея америкалык Гуам аралын ракета менен аткылоо планын "тыкыр иликтеп" жатканын билдирди.

Бул билдирүүдөн бир нече саат мурда АКШ президенти Доналд Трамп Пхеньяндын опузасына болуп көрбөгөндөй жооп кайтарыларын эскерткен.

“Түндүк Корея келечекте Кошмо Штаттарын коркутуп-үркүтүүдөн карманышы зарыл. Антпесе алар эси көөнүнөн кеткис көргүлүктү көрөт”- деген эле Трамп.

Гуамдын губернатору Эдди Калво түндүккореялык коркунучту жокко чыгарып, аралда стратегиялык коргонуу системасы бардыгын, күтүүсүз кокустуктарга даяр экенин айтты. АКШ менен бул маселеде байланышта экенин да кошумчалады.

Гуам 163 миң киши жашаган, Тынч океандын батыш жээгинде жайгашкан чакан арал. АКШ өкмөтүнө баш ийет, бирок курамына кирбейт.

XS
SM
MD
LG