Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Чүйдө жолго кара май төгүлдү


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Чүйдө кара май ташыган унаа кулап, ичиндеги 5-6 тонна солярка төгүлдү. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Окуя кечээ болгон. Жайыл районунда Ош-Бишкек жолунун 94-чакырымында “ДАВ” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, машина оң капталына кулаган.

Өрт өчүрүүчүлөр кара майдын нугун жолдун четине буруп, көзөмөлдөп турушкан. Жеке менчик кран келип, унааны тургузушкан. Эч ким жабыркаган жок. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG