Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Астанада абитуриенттердин ата-энелери нааразылык акциясына чыкты


Нааразылык акциясына чыккан ата-энелер.
Нааразылык акциясына чыккан ата-энелер.

11-августта Казакстандын баш калаасы Астанада быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелери жана туугандары Билим берүү жана илим министрлигинин имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Алар жогорку окуу жайларындагы бюджеттик орундардын адилетсиз бөлүштүрүлүп жатканына нааразылык билдиришти. Чогулгандар айрым адистиктер боюнча акысыз окууга алардын балдарынан төмөн балл алган абитуриенттер өтүп кеткенин айтышты.

Быйыл Казакстандагы Бирдиктүү улуттук сынагын 88 миңден ашуун абитуриент тапшырган. Топтолгон жыйырмадай ата-эненин нааразылыгы боюнча министрликтин өкүлдөрү кийинчерээк түшүндүрмө беришерин билдиришти.

Расмий маалыматтарга ылайык, быйыл жогорку окуу жайларда 38 миңдей бюджеттик орун бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG