Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

ЕАЭБнын техникалык регламенттери күчүнө кирди


12-августтан тарта Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенттери Кыргызстан үчүн толук кандуу иштей баштайт.

Евразия экономикалык биримдигинин он сегиз техникалык регламенти бир нече баскыч аркылуу ишке кирет. Анын ичинен негизги бөлүгү 12-августтан башталарын вице-премьер-министр Олег Панкратов ушул айдын башында билдирген. Анын айтымында, жаңы эрежелер киргени менен чоң өзгөрүүлөр болбойт. Эң башкысы ишкерлер, фермерлер санитардык талаптарды аткаруусу зарыл.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунда кирген. Андан берки аралык өткөөл учур деп саналып, өлкөнүн бул экономикалык интеграцияга ыраатташуусуна мүмкүнчүлүк берилген.

Биримдикте Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларус, Армения бар. (SE)

XS
SM
MD
LG