Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Москвада допингге каршы лаборатория ачылат


Орусиянын допингге каршы агенттигинин кызматкери анализ алуу маалында
Орусиянын допингге каршы агенттигинин кызматкери анализ алуу маалында

Орусиянын борборундагы М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде допингге (кызытмага) каршы улуттук лаборатория иштей баштайт. Орус өкмөтүнүн жаңы мекемени түзүү жөнүндө токтому ишембиде жарыяланды.

Токтомдо лаборатория Орусиянын бийликтеринен көз карандысыз иштей турганы белгиленет. Анын кызматкерлери 2005-жылдын 19-октябрында кабыл алынган Спорттогу допингге каршы эл аралык конвенцияга жана орус мыйзамдарына таянып иш жүргүзөт.

Лаборатория качан иштей баштаары тууралуу документте көрсөтүлгөн эмес.

2019-жылы өтчү Универсиадага даярдыкты текшерүү маалында президент Владимир Путин орусиялык допингге каршы системанын иштен чыгып калганын моюнга алган.

Ага чейин орусиялык спортчулардын тыюу салынган дары-дармектерди федералдык кызматтын көрсөтмөсү менен жапырт колдонгону боюнча чуулгандуу окуялар чыккан.

Эл аралык спорт чөйрөлөрү тарабынан Орусиянын допингге каршы агенттигинин ишине майнапсыз деген баа берилген.

XS
SM
MD
LG