Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Буркина-Фасодогу кол салуудан 17 киши мерт болду


Буркина-Фасонун борбору Уагадугу
Буркина-Фасонун борбору Уагадугу

Буркина-Фасонун борбору Уагадугудагы террорчул чабуул деп мүнөздөлгөн кол салуудан кеминде 17 киши мерт болду. Өкмөттүн расмий маалыматына ылайык, окуя баш калаадагы түрк ресторанында жекшембинин кечинде болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, үч куралчан адам "Азиз Стамбул" ресторанына кирип келип, кардарларга ок чыгара баштаган. Буркина-Фасонун коммуникация министри Ремис Данджиноу коопсуздук күчтөрү кол салган адамдарды атып өлтүргөнүн айтты.

Чабуулдан жабыркагандардын жарандыгы азырынча так айтыла элек. Курмандыктардын саны өсүшү мүмкүн деген жоромол бар.

Буркина-Фасо - дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирет. Анын түндүктөгү коңшусу узак убакыттан бери исламчыл экстремисттер менен күрөшүп келе жатат.

XS
SM
MD
LG