Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Косово Сербиянын чек ара боюнча сунушун четке какты


Косовонун тышкы иштер министри Энвер Хождай.
Косовонун тышкы иштер министри Энвер Хождай.

Серб тышкы иштер министри Ивица Дачич Косоводогу серб жана албан анклавдарынын чек араларын кайра кароону, ошондой эле Косоводогу серб анклавына автономия берүүнү 14-августта сунуш кылган. Мунун ордуна Сербия Косовонун бүткүл аймагына болгон дооматынан баш тартарын да кошумчалаган.

Анткен менен Косовонун тышкы иштер министри Энвер Ходжай анын өлкөсүнүн болжол менен бештен бир бөлүгүн сербдердин автономдуу аймагына айлантуу сунушун кескин түрдө четке какты.

Ошондой эле Сербиянын “чек арага төрт өзгөртүү киргизүү боюнча кайра жанданган” сунушун “кабыл алынгыс жана коркунучтуу” деп атады.

Косовонун тышкы иштер министри "өлкө чек аралары эл аралык деңгээлде таанылган көп улуттуу демократиялуу бойдон калат”, - деп да ырастады.

1,8 миллион калкы бар Косово Сербиядан көз карандысыздыгын 2008-жылы жарыялап, азыркыга чейин 115 мамлекет тарабынан таанылды. Бирок расмий Белград тарабынан таанылган эмес.

Ал эми азыр Косоводо жашаган 120 миңдей сербдин көпчүлүгү Приштинадагы бийликтерге каршы маанайда.(UE)

XS
SM
MD
LG