Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:20

Шайлоо-2017: "Өзүңдү тизмеден текшер!” өнөктүгү башталды


Бүгүн Кыргызстанда “Өзүңдү тизмеден текшер!” аттуу улуттук маалыматтык өнөктүк башталууда. 30-августка чейин жарандарга шайлоочулардын жалпы тизмесинен өзүлөрү тууралуу маалыматты тактап алуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Тизмелер ар бир шайлоочунун жашаган жериндеги участокто жана Боршайкомдун shailoo.srs.kg интернет сайтына илинет. Ошол жактан карап, эгерде ката жана так эместик болсо атайын үлгүдөгү арыз жазып кайрылуу керек. Биометрикалык каттоодон өтүүгө үлгүрбөй калгандар жашаган жери боюнча кайрылып, өтсө болот. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, быйыл Бишкек шаарында 33 бекет кошумча ачылды.

Чет жакта жашаган кыргызстандыктардын добуш берүүсү үчүн элчиликтер менен консулдук мекемелерде 37 бекет ачылат. Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Жакында Мамлекеттик каттоо кызматы Боршайкомго 3 миллионго жакын шайлоочу кирген тизмелерди өткөрүп берген. (RK)

XS
SM
MD
LG