Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

Шайлоо-2017: Өмүрбек Текебаев "Кыргызтесттен" 93,75 балл алды


Кыргызстандын Мамлекеттик тил комиссиясы бейшемби күнү убактылуу абактагы оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевди президенттик талапкер катары мамлекеттик тил сынагынан өткөрдү. Бул маалымат бейшембиде кечкурун расмий тастыкталды.

Мекеменин сайтына төмөнкүдөй маалымат чыкты:

"...УКМКнын убактылуу кармоочу жайында 2017-жылдын 17-августунда КР президенти кызматына талапкер Ө.Ч.Текебаев «Кыргызтест» системасы боюнча бланктык тестирлөөдөн өттү. Тестирлөөнүн жыйынтыгына ылайык Ө.Ч.Текебаев 93,75 балл алды жана мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча бекитилген үлгүдөгү сертификатка ээ болду".

Жарым саат мурда Ө.Текебаевдин тесттен өткөнүн “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү гана айтып, Тил комиссиясы да, БШК да бул маалыматты ырастаган эмес.

​Текебаев президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн Боршайкомго биринчилерден болуп арызын жазган. Талапкер деген макам кыргыз тилинен тест тапшырып, 30 миңден кем эмес кол топтоп, аны тастыктап, 1 миллион сом күрөө койгондорго берилет.

Коррупция доосу боюнча камалган Текебаев февраль айынан бери УКМКда камакта. 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту ага жана партиялашы Д.Чотоновго өкүм чыгарып, экөөн тең сегиз жылга эркинен ажыраткан. Кыргыз оппозициясы бул сот өкүмүн адилетсиз деп баалап, аларды толук актоону талап кылышууда.

Оболу Боршайком Ө.Текебаевге мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүү үчүн тест тапшырууга шарт түзүп берүүдөн баш тартып койгон болчу. Талапкер болчулардын тест тапшыруусу 26-июлда башталып, 16-августта аяктаган. (RK)

XS
SM
MD
LG