Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:40

"Ак-Кула" ат майданын жаңыртуу үчүн 650 млн сом талап кылынат


Бул тууралуу ат майданды реконструкциялоо боюнча өкмөттүк жыйында белгилүү болду. Мурдараак ат майданды жаңыртуу үчүн 300 млн сом керек деп айтылган.

Архитектура жана курулуш агенттигинин башчысы Бактыбек Абдиевдин маалыматы боюнча, ипподромду оңдоп-түзөө иштери келерки жылдан башталат. Анын сөзүнө караганда, каржы маселеси да чечилген. Бактыбек Абдиев ат майданды кайра шаардын карамагына өткөрүп алуу боюнча соттук териштирүү аягына чыгары менен курулуш иштери башталарын билдирди.

Жаңыланган ипподром 5500 орундуу болот.

Борбордук "Ак-Кула" ат майданын жаңыртуу маселеси быйыл Нооруз майрамындагы ат оюндарынан кийин көтөрүлгөн. Көкбөрү оюнун көргөнү келген көпчүлүк ат майданга батпай, сырттагы бак-дарактардын жана аянтка жарык берүүчү мамынын үстүнө чыгып алып көрүшкөнү интернетте кызуу талкууга алынган.

"Ак-Кула" ат майданы Бишкек шаарында жайгашкан. Аянты 57,4 гектар, 3000 орундуу.

Бишкек мэриясы 2013-жылдан бери ат майданды карамагына алуу аракетинде "Ак-Кула" акционердик коому менен соттошуп келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG