Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Тынч океанга 1945-жылы чөгүп кеткен крейсер табылды


Тынч океан.
Тынч океан.

Тынч океанда 72 жыл мурда суу алдында жүрүүчү жапон кемеси тарабынан чөктүрүлгөн америкалык "Индианаполис" кемесинин сыныктары табылды. 5,5 чакырым тереңдикте табылган кеменин орду айтылган эмес.

"Индианаполис" 1945-жылы 30-июлда атом бомбасынын бөлүкчөлөрүн жеткирүү боюнча жашыруун миссиядан кайтып келатканда чөккөн. Кийин АКШ тарабынан бомба Жапониянын Хиросима шаарына ташталган.

Кеменин бортундагы 1200дөй аскер кызматкеринин 316сы гана куткарылган. Бул америкалык аскер флотунун тарыхындагы ири жоготуу деп саналат. "Индианаполис" сууга өтө тез, 12 минутанын ичинде чөгүп кеткендиктен анын так ордун аныктоо көп жылдар бою белгисиз, табышмак болуп келген. 300 аскер кеме менен чогуу чөксө, калгандары тоңуп, акулаларга жем болгон. Кеменин чөгүп жатканы боюнча сигнал келбегендиктен, тирүү калгандарын окуядан төрт күндөн кийин гана табышкан.

Крейсердин сыныктарын 18-августта Microsoft компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Пол Аллендин жетекчилиги алдындагы 13 жарандык изилдөөчүлөр тобу табышкан жана бул тарыхый табылга деп айтылды.

Пол Аллендин изилдөө кемеси буга чейин дагы Экинчи дүйнөлүк согуш маалында чөккөн жапон кемесинин калдыктарын тапкан.(КЕ)

XS
SM
MD
LG