Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Жанболат Мамай: Мухтар Аблязов менен жолуккан эмесмин


Казакстандык журналист жана жарандык активист Жанболат Мамай.
Казакстандык журналист жана жарандык активист Жанболат Мамай.

Казакстанда белгилүү журналист жана жарандык активист Жанболат Мамайдын соту уланууда. Ал БТА банктын мурдагы жетекчиси, Европада бозгунда жүргөн Мухтар Аблязов банктан уурдаган мыйзамсыз акчаларды адалдаштырган деп айыпталууда.

Алматынын Медеу райондук сотунда өтүп жаткан сот жүрүмүндө Мамай эч качан Мухтар Аблязов менен жолукпаганын, атургай тааныш да эместигин билдирди. Ал эми БТА Банктын менежерлеринин бири Жаксылык Жаримбетов менен 2013-жылы таанышканын, ал өзү "Трибуна" гезитине жардам берүүнү сунуштаганын айтты.

- Жаримбетов жардам берген. Бирок бул жерде эч кандай арам акчаны адалдаштыруу болгон эмес. Акча "Трибуна" гезитинин чыгарылышына сарпталган. Ар бир гезит демөөрчүгө муктаж жана бул жерде мыйзамсыз эч нерсе жок, - деди ал.

Мамай ошондой эле Жаримбетов 2013-2015 жылдары жардам берип турганын, ал редакциялык саясатка кийлишпегенин кошумчалады.

Мамай өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. Жаксылык Жаримбетов БТА Банк улутташтырылган соң сыртка чыгып кеткен, ушул жылдын башында Түркия аны Казакстанга экстрадициялаган. Июнь айында болсо Жаримбетов "банктан акча уурдаган" деген айып менен беш жылга шарттуу эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG