Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Индияда кармалган кыргызстандыктын баш коргоо чарасы бүгүн каралат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Индияда аэропорттон кармалган кыргызстандык аялдын баш коргоо чарасы бүгүн аныкталат. Соттук отурум бүгүнкүгө белгиленгенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин расмий өкүлү Айымкан Кулукееванын "Азаттык" радиосуна айтымында, ага элчилик өкүлдөрү укуктук жактан жардам берүүдө:

- Элчиликтин кызматкери жана бул ишке тартылган Индиянын Жогорку Сотунун адвокаты ишке катышканы турушат. Толугураак маалымат болгондо дагы кабарлайбыз.

21-августта Индиянын Business-standard.com, Tribuneindia.com жана башка бир катар интернет басылмалары Нью-Делинин аэропортунан "Air Manas" компаниясы менен Бишкекке учуп жатканда кармалган 56 жаштагы кыргызстандык аялдын ысымы Балтабаева Зухра экенин жазып чыгышкан болчу.

Индия интернет басылмаларындагы кабарларга караганда, кыргызстандык аялдын сумкасынан текшерүү учурунда 60 миң АКШ доллары чыккан. Ал эми дагы 1,41,290 АКШ доллар кыргызстандык аял багаж иретинде өткөргөн жүктөн табылган.

Айрым маалыматтарга караганда, кармалган аял Оштун Кара-Суу районунан болот, ал алтын алып барып саткан акчасы менен кармалган. (RK)

XS
SM
MD
LG