Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Казакстанда жасалма паспорт менен Сириянын жарандары кармалышты


Алматы аэропорту.

Казакстан бийликтери жасалма паспорт менен Сириянын сегиз жараны кармалганын билдиришти. Өлкөнүн Чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, алардын алтоо Алматы аэропортунан кармалган. Алар Тегерандан келип, Казакстанды транзиттик өлкө катары пайдаланып, Евробиримдикке кирүүнү көздөшкөнү маалым болду. Ал эми дагы экөө Британияга чыгып кетүү үчүн Астана аэропортуна барган кезде кармалышкан.

Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматына караштуу Чек ара комитетинин кабарлашынча, кармалгандардын жанынан "жарым-жартылай жасалма" Болгариянын паспорттору чыккан. Тактап айтканда ал паспорттордун бир барагы алмаштырылып, жасалма штамптар коюлган.

Сириядагы жарандык согушта 2011-жылдан бери 300 миңдей адам курман болуп, миллиондогондор үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болушту.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG