Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

Ак илбирске аңчылык үчүн айыппул 1,5 млн сомго көтөрүлдү


Ак илбирстин Бишкекке коюлган айкели
Ак илбирстин Бишкекке коюлган айкели

Бул тууралуу атайын токтом 18-августта жарык көргөнүн Айлана-чөйрөнү коргоо жана кен байлыктарды иштетүү департаментинин башчысы Алмаз Мусаев 23-августта журналисттерге билдирди. Анын маалыматы боюнча, быйылкы жылы илбирске аңчылык кылуу фактысы каттала элек.

Илбирсти өлтүрүү, кармоо жана башка жакка сатуу аракети үчүн айыппулдун мурунку өлчөмү 500 миң сом болчу.

Мусаевдин билдиргени боюнча, быйылкы жарым жылда канаттууларга жана жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылган 190 учур катталган.

24-25-августта Кыргызстанда ак илбирсти сактап калуу маселесине арналган эл аралык жыйын өтөт.

Кыргызстанды байырлаган ак илбирстер азыр канча экени так анык эмес. Болжол менен үч жүздүн тегерегинде экени айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG