Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиондугунда чейрек финалдык таймашка чыкты


Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиондугунда
Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиондугунда

Франциянын борбору Париж шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын таймаштары уланууда. Бүгүн 23-августта кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн төрт салмакта (-55 кг, -58 кг, -63 кг жана -75 кг) байгелер ойнотулуп жатат.

Кыргызстандан бул мелдеште Назира Марсбек кызы, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы күч сынашууга чыкты.

55 килограммга чейинки салмакта Назира Марсбек кызы алгачкы беттешинде казакстандык Марина Седневага утулуп калды (12:1). Эгер Казакстандын күрөшчү кызы финалга чыгып калса Назира үчүн жооткотуучу беттешке чыгууга жол ачылат. Ал жеңишке жетип калса коло байге үчүн күрөшүп калышы ыктымал.

58 килограммга чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалда германиялык Лаура Мертенсти 6:0 эсебинде жеңип алды. Алдыда чейрек финалда нигериялык Аминат Олувафунмилайо Аденийи менен таймашат.

75 килограммга чейинки салмакта жаштар арасында быйыл дүйнө чемпиону болгон Айпери Медет кызы күч сынашып жатат. Ал алгачкы беттешинде түштүк кореялык Хамжу Хеону 3:0 эсебинде жеңип алды. 1/8 финалда белорус спортчусу Василиса Марзалиюк менен күч сынашып, 6:0 эсебинде утулуп калды.

Спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиондугу 21-августта башталган. Буга чейин эки күн бою грек-рим күрөшүнөн 8 салмакта балбандар күч сынашты. Таймаштарда кыргызстандык балбандар байгеге ээ боло алышкан жок. Алардын арасынан жакшы көрсөткүчтү Каныбек Жолчубеков камсыздады. 59 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Каныбек Жолчубеков коло байге үчүн күрөштө орусиялык Степан Марианянга жеңилип, 5-орунду алды.(ECh)

XS
SM
MD
LG