Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:28

Шайлоо-2017: Шайлоо өнөктүгүнүн алдында дагы бир оппозициялык кыймыл түзүлдү


"Улуттук Улуу кеңештин" жыйыны

Кыргызстанда жаңы түзүлгөн "Улуттук Улуу кеңеш" кыймылынын алгачкы жыйыны Бишкекте өтүп жатат.

Ага саясатчылар Адахан Мадумаров, Мукар Чолпонбаев, Аликбек Жекшенкулов, Марат Иманкулов, Равшан Жээнбеков, Нарын Айып, Баяс Турал, Адил Турдукулов, Камила Талиева, Бөдөш Мамырова, Элмира Ибраимова жана башкалар катышууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Мукар Чолпонбаев өз сөзүндө "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана "Мекенчил" партиясынын лидери Садыр Жапаровго карата чыккан сот өкүмдөрүн "саясий буйрук" деп атап, алдыда боло турган президенттик шайлоонун таза өтөрүнөн күмөн санагандыктан, президентикке талапкерлигин алып салганын айтты.

Ушундай эле себеп менен президенттикке ат салышуудан генерал Марат Иманкулов, ишкер Алмазбек Каримов, пенсионер Замира Муратбекова да баш тартканын айтышты.

Шайлоо алдында кечээ (23-августта) Кыргызстанда дагы бир уюм түзүлгөн. Турсунбек Чынгышев, Накен Касиев, Шамил Атаханов, Ишенгүл Болжурова баштаган жүздөн ашуун коомдук ишмер президенттикке талапкер Темир Сариевди колдоо максатында коомдук комитет түзгөнүн жарыялашты.

БШК бүгүнкү күнгө чейин Темир Сариевди, Өмүрбек Бабановду, Сооронбай Жээнбековду жана Бакыт Төрөбаевди талапкер кылып расмий каттады.

Президенттикке талапкер кылып каттоо арызын БШКга жалпысынан 59 жаран берген. Топтолгон колдору жараксыз деп БШК четке каккан оппозициячыл талапкер Өмүрбек Текебаев коррупцияга байланыштуу доонун айынан Биринчи Май райондук соту тарабынан узак жылдарга кесилип, убактылуу абакта кармалууда. Ал өзүнүн актыгын билдирип, соттун жогорку баскычына кайрылууга камынууда.

Президенттикке талапкерлердин такталган акыркы тизмеси 10-сентябрда белгилүү болот.

Кыргызстанда Башмыйзамга соңку оңдоолор киргизилгенден кийинки алгачкы президенттик шайлоо быйыл 15-октябрга белгиленген. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG