Кыргызстан эгемендик алгандан бери чече албай келаткан көйгөйлөрүн соңку 5-6 жылда чечти. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкектин борбордук аянтында Эгемендик күнүнө карата салтанатта сүйлөп жатып айтты.
Президент 2010-жылдан кийин өлкө улуттук ресурстарынын наркын тиешелүү деңгээлге көтөргөнүн, энергетикалык көз карандысыздыкка жетишкенин, азык-түлүк коопсуздугу камсыз болгонун, саламаттыкты сактоо жана билим берүү жаатында алгылыктуу иштер жасалганын, эгемендик жылдары алгачкы жолу мугалимдердин орточо айлыгы өлкөдөгү жалпы орточо айлыкка теңелгенин айтты.
Ошону менен катар Алмазбек Атамбаев бул жылдары Кыргызстанда оор жакырчылыктын деңгээли 4,5 эсе кыскарганын, коопсуздук кардиналдуу түрдө күчөтүлгөнүн, өлкө тышкы саясатта өнөктөштөр менен тең укуктуу сүйлөшө баштаганын, бизнес үчүн жагымдуу шарт түзүлгөнүн жана коорупцияга каршы күрөш системалуу түрдө жүргүзүлүп жатканын айтты.
Мамлекет башчы көз каранды эместикке ээ болгон 26 жыл Кыргызстан үчүн кылымга тете болгонун айтып, бул жылдары башынан өткөргөн кыйынчылыктар үчүн элге алкыш айтып, таазимин билдирди. (RK)