Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Түндүк Корея кубаттуу суутек бомбасын өндүргөнүн жарыялады


ЦТАК маалымат агенттигинин кабарлашынча, суутек бомбасынын дүрмөтү континент аралык ракетага жүктөлүп, бул жараянга өлкө лидери Ким Чен Ын көз салган. 3-сентябрь, 2017-жыл
ЦТАК маалымат агенттигинин кабарлашынча, суутек бомбасынын дүрмөтү континент аралык ракетага жүктөлүп, бул жараянга өлкө лидери Ким Чен Ын көз салган. 3-сентябрь, 2017-жыл

Мамлекеттик маалымат каражаттары бул эң алдыңкы жана “кыйратуучу күчкө ээ" бомба экенин жазып чыгышты.

ЦТАК маалымат агенттигинин кабарлашынча, суутек бомбасынын дүрмөтү континент аралык ракетага жүктөлүп, бул жараянга өлкө лидери Ким Чен Ын көз салган.

Батыштагы бир катар эксперттер Түндүк Кореянын мындай кубаттуу бомбаны өндүргөнүнөн күмөн санашты.

Буга карабай бул кабар эл аралык деңгээлде талкууларды жаратты.

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын суутек бомбасын өндүргөнү боюнча кабарлар Кошмо Штаттар, Жапония, Түштүк Кореянын Пхеньянды өзөктүк куралсыздандыруу талабынын маанисин дагы арттырарын билдирди.

Түндүк Корея шейшембиде кайрадан баллистикалык ракетасын учуруп, ал ракета соңку сегиз жылда биринчи жолу Жапониянын аймагынан учуп өткөн.

Андан соң АКШ президенти Дональд Трамп расмий Пхеньянга кошумча чаралар көрүлүшү мүмкүн экенин ишара кылган. Британия менен Жапония болсо түндүккореялыктардын чет өлкөдө эмгектенишине тыюу салган чараларды күчөтүү зарылдыгын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG