Германиянын канцлери Ангела Меркел Түркиянын Евробиримдик менен мүчөлүк тууралуу сүйлөшүүлөрүн токтотууну кааларын билдирди. Ал 3-сентябрда саясий атаандашы Мартин Шульц менен теледебат маалында Түркиянын уюмга мүчө болбой турганы анык болуп калганын айтты. Меркел сүйлөшүүлөрдү токтотуу маселеси боюнча Евробиримдиктин башка лидерлери менен сүйлөшө турганын кошумчалады.
Германия түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганды былтыркы төңкөрүш аракетинен кийинки камоолор боюнча кескин сынга алгандан кийин Берлин менен Анкаранын алакасы начарлап кетти. Учурда саясий айыптар тагылган кеминде 12 немис жараны Түркияда камакта жатат.
Өткөн айда президент Эрдоган Германиядагы миллиондон ашык түрктөргө кайрылып, 24-сентябрдагы шайлоодо немис канцлери Ангела Меркелге добуш бербөөгө чакырган.
Сурамжылоолор боюнча, Германиядагы парламенттик шайлоонун алдында Меркелдин Христиан-демократтар партиясы Мартин Шульцтун Демократиялык партиясынан 17 упай алдыда келе жатат.