Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Шайлоо алдындагы Эрдоган-Меркел тиреши


Немис канцлери Ангела Меркел менен түрк лидери Эрдогандын Анкарадагы жолугушуусу, 2-февраль 2017-жыл.
Немис канцлери Ангела Меркел менен түрк лидери Эрдогандын Анкарадагы жолугушуусу, 2-февраль 2017-жыл.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Германиядагы миллиондон ашык түрктөргө кайрылып, 24-сентябрдагы шайлоодо немис канцлери Ангела Меркелге добуш бербөөгө чакырды. Меркел болсо түрк бийлигин "Интерполдун" рычагдарын колдонуп, каршылаштарын куугунтуктап жатат деп айыптады.

Түркиядагы 13 ай мурдагы төңкөрүш аракетинен бери түрк-немис алакасында жакшыруунун белгиси байкала электигин соңку кайым айтышуулар далилдеди.

Немис канцлери Ангела Меркел жекшембиде RTL телеканалында суроолорго жооп берип жатып, Түркияны "Интерполдун" камакка алуу механизмин өз пайдасына колдонду деп сындады.

Меркел Эл аралык полиция уюму ("Интерпол") Түркиянын "кызыл деңгээлдеги өтүнүчү" менен Испанияда эс алып жүргөн түрк-немис жазуучусу Доган Акханлыны кармаганын жүйө келтирди. Түрк президентин сынга алган жана 1915-жылдагы армян кыргыны тууралуу жазган бул жазуучу ишембиде Гранада шаарында кармалып, жекшембиде өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулган.

Учурда Испания Акханлыны экстрадициялоо тууралуу Түркиянын өтүнүчүн карап жатат. Буга чейин расмий Анкара Германияда жашаган бул жазуучуну өткөрүп берүүнү расмий Берлинден талап кылып келген.

- Испания аны бошотконуна кубандым. Биз испан өкмөтү менен байланыштабыз. Тышкы иштер министри жана менин коопсуздук боюнча кеңешчим кабарлашып жатат. Мен испан премьер-министрине керек болгон учурда байланышка чыгам. Биз "Интерпол" сыяктуу эл аралык уюмдарды мындай максатта колдонбошубуз керек, - деди немис канцлери Ангела Меркел.

Немис жарандыгын алган түрк тектүү жазуучу Доган Акханлы.
Немис жарандыгын алган түрк тектүү жазуучу Доган Акханлы.

Түрк-немис жазуучусунун окуясы НАТОго мүчө эки өлкөнүн бийлигин араздаштырган көп маселенин бирөө гана.

2016-жылдын 15-июлундагы Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги камакка алган 50 миңдей адамдын арасында Германиянын жарандары да бар. Немис Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Түркияда соңку бир жылда журналист, укук коргоочулар баш болгон 22 немис атуулу кармалган.

Германия Түркиядагы мындай камоолорду сынга алса, Анкара расмий Берлинди террорчуларды калкалайт деп күнөөлөгөн.

Быйыл жазында Түркиядагы президент Режеп Тайып Эрдогандын ыйгарым укуктарын кеңейте турган референдумдун алдында Германиянын бир катар шаарларынын бийликтери түрк министрлеринин катышуусундагы митингдерге тыюу салып койгон. Ал министрлер Германиядагы 1 миллиондон ашык түрктөргө үгүт жүргүзүүнү көздөшкөн.

Эми түрк президенти Эрдоган 18-августта Германиядагы дал ошол кош жарандыкты алып жүргөн түрктөргө кайрылып, 24-сентябрдагы парламенттик шайлоодо канцлер Ангела Меркелдин партиясына каршы добуш берүүгө чакырды:

- Мен Германиядагы мекендештериме кайрылып, кокустан аларды колдоп албагыла деп чакырам. Христиан-демократтар жана Жашылдар партиялары - Түркиянын душмандары. Түркия менен касташпаган саясий партияларды колдогула. Бир миллиондой түрк добуш берип, багытты өзгөртөт. Мен аларды шайлоо күнү тигил партияларды эсине келтирип, сабак берүүгө чакырам.

Сурамжылоолорго ылайык, 24-сентябрдагы Германиядагы шайлоодо Меркелдин партиясы жеңет деп күтүлүүдө.
Сурамжылоолорго ылайык, 24-сентябрдагы Германиядагы шайлоодо Меркелдин партиясы жеңет деп күтүлүүдө.

Бир айдан кийинки шайлоодо немис канцлери Ангела Меркел Христиан-демократтар партиясы менен төртүнчү жолу канцлердик орунга ат салышканы турат. Түрк президенти Анкара менен Берлиндин алакасы бул шайлоодон кийин өзгөрөт дегени менен Меркелдин партиясы шайлоону утат деп күтүлүүдө.

Кантсе расмий Берлин менен Анкаранын араздашуусу эки тараптуу кызматташтыктын дээрлик көпчүлүк тармактарына таасирин тийгизип жатат.

Июль айында Германиянын Тышкы иштер министрлиги ишкерлерди Түркияга инвестиция салбоого чакырган. Ошондой эле Евробиримдик Түркиянын уюмга кошулуу маселесин талкуулашы керектигин, Түркияга сапар ала турган немис жарандары этият болушу зарылдыгын билдирген.

Июнь айында Германиянын парламентинин төмөнкү палатасы немис күчтөрүн Түркиянын түштүк-чыгышындагы Инжирлик базасынан чыгарып кетүүнү чечимин колдогон.

Анкара немис депутаттарына Инжирликтеги базага кирүүгө уруксат бербей койгондон кийин Германиянын Коргоо министрлиги аскердик күчтөрдү Иорданияга чыгарып кетүү демилгесин көтөргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG