Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 23:27

Саратовдогу жол кырсыгында кыргызстандыктар жабыркады


архив

Бүгүн Орусиянын Саратов облусунда жол кырсыгы катталып, Борбор Азиянын тогуз жараны жараат алды. Алардын арасында кыргызстандыктар да бар.

Орусиядагы элчиликтен маалымдашкандай, "Тойота" үлгүсүндөгү эки машина кагышып, жаракат алгандар облустук жана шаардык ооруканага жаткырылды.

Учурда элчиликтеги кызматкерлер жол кырсыгынын себебин иликтөөгө катышып, жараат алгандардын ден соолугун көзөмөлгө алды.

Белгилей кетсек бул акыркы он күндө кыргызстандыктар катышкан үчүнчү кырсык болууда. 29-августта Пенза облусунда унаа кагышып, бир кыргызстандык мүрт кетип, беши ар кандай деңгээлде жаракат алган.

31-августта болсо Оренбургда Ford Tranzit жолдон чыгып кетип, жети кыргыз жараны жараат алганы кабарланган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG