Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

Шаардык сот Текебаев менен Чотоновдун өтүнүчүн четке какты


Бишкек шаардык сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланууда.

Бүгүнкү отурумда Башкы прокуратуранын өкүлү Бекжан Маматбаевдин Текебаев 2010-жылдын 13-майында "Супарада" тамактанганы тууралуу айтканы соттолуучулардын жана адвокаттардын кескин нааразылыгын жаратты, себеби Текебаев ал жакка барбаганын айтып келет.

Жактоочулар прокурорду четтетүү өтүнүчүн келтиришти, бирок сот аны канааттандыруудан баш тартты.

Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алды деп айыпталып, Бишкектин Биринчи Май райондук соту өткөн айда аларга ар бирине сегиз жылдан өкүм чыгарган.

Соттолуучулар бул айып негизсиз саясий куугунтук экенин билдирип келишет.

Шаардык сотто адвокаттардын апелляциялык арызы каралууда. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG