Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

"Ийгиликтүү кыз" долбоору ишин улантат


Буга байланыштуу тегерек үстөл 8-сентябрда Бишкекте болот. Ага жарандык активисттер, Жогорку Кеңештин депутаттары, Билим берүү жана илим министрлигинен, күч түзүмдөрүнөн өкүлдөр катышат. Тегерек үстөлдө гендердик теңчилик боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, жаш кыздарды турмушка берүүнүн жанакыз-келиндердин арасында радикализмдин алдын алуу, жаш кыздардын жарандык активдүүлүгүн өстүрүү жөнүндө сөз болот.

Долбоорду ишке ашырып жаткан "Балдар укугун коргоо" лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекованын маалыматы боюнча, "Ийгиликтүү кыз" өткөн жылы Таласта жана Караколдо мектеп окуучулары менен иш алып барган. Долбоорго эки мектептин 5-11-класстарынан 60 кыз тартылган. Алар өз укуктарын коргоодон тартып, зомбулуктун түрлөрү, аларга каршы туруу, репродуктивдүү ден соолук, келечегин кантип түзүүгө чейин окуп үйрөнүштү. Аларга укук коргоочу, илимпоз, уз жана спортчу айымдар тренинг өтүшкөн. Быйыл түштүк облустарда ишин улантмакчы.

"Ийгиликтүү кыз-2017" долбоорунун максаты – кыздардын укугуна ата-энелердин жана коомчулуктун көңүлүн буруу.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2016-жылы балдарга карата жасалган 400дөй кылмыш иши катталса, анын 30дан ашууну сексуалдык мүнөздө болгон. Быйылкы жарым жылда да 400дөн ашык кылмыш катталып, анын 50дөн ашыгы сексуалдык мүнөздө экени аныкталган.

Жыл өткөн сайын балдарга зомбулук күч алып жатканын белгилеген ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, 83,4% бала мектепте, 72,7% бала үй-бүлөдө зомбулукка дуушар болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG