Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Караколдо суу боюнда парк ачылды


Каракол шаарында бүгүн “Ривер парк” - суу боюндагы сейил багы ачылды. Аны "Каракол дестинациясы" коомдук уюму USAID'дин "Жергиликтүү бизнести өнүктүрүү демилгеси" долбоорунун каржылык колдоосу менен ишке ашырды.

Уюмдун мүчөлөрү билдиргендей, долбоорго 120 миң долларга жакын каражат жумшалды. Парк шаарды аралап өткөн Каракол суусунун жээгинде ачылды. Сейил бактын аянты үч гектарга жакын жерди ээлейт. (AsM)

XS
SM
MD
LG