Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Татарстанда кыргыз жаранынын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду


Орусиянын карамагындагы Татарстан Республикасынын борбору Казанда киши колдуу болгон жигиттин Кыргызстандын жараны экени аныкталды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдиргендей, маркум 23 жаштагы Ош облусунун Араван районунун тургуну болуп чыкты.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен кандуу окуя боюнча Орусиянын Кылмыш кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесине ылайык иш ачылды. Жигиттин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси өткөн аптада Казандын Москва районундагы бактын арасынан табылган.

Кыргызстандыкты өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири кармалып, иликтөө уланууда. Маркумдун туугандарына кабар берилген. Сөөгү жакын арада мекенине жиберилет.

XS
SM
MD
LG