Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

БУУнун баш катчысы Мьянмадагы зомбулукту токтотууга чакырды


Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш.
Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Мьянма бийликтерин рохинжа мусулмандарына каршы зордук-зомбулукту токтотууга чакырды. Гуттериш 13-сентябрда жасаган билдирүүсүндө рохинжа азчылыгы буга чейин болуп көрбөгөндөй гуманитардык кризиске кабып жатканын айтып, Ракхайн штатындагы коопсуздук күчтөрүнүн аракеттери этникалык тазалоого барабар экенин кошумчалады.

Мьянма жана анын жарандык өкмөтүнүн лидери, Нобел сыйлыгынан лауреаты Аун Сан Су Чжи өлкөдөгү рохинжа азчылыгына жасалган зомбулук боюнча эл аралык коомчулуктун кескин сынына кабылууда.

Калкынын басымдуу бөлүгүн буддисттер түзгөн Мьянманын Ракхайн штатындагы 25-августта башталган кыянатчылыктардан улам Бангладешке агылган рохинжалардын саны 380 миңге жетти.

Мьянманын өкмөтү кыянатчылыктардын тутанышы үчүн рохинжа мусулмандары арасынан чыккан козголоңчуларды күнөөлөп, алар полиция бекеттери менен аскерий базага координацияланган чабуул жасаганын жүйө келтирүүдө.

XS
SM
MD
LG