Ошто өзүнө өзү өрт койгон аял ооруканадан каза болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна облустук оорукананын башкы дарыгери Шайырбек Сулайманов билдирди.
Окуя 18-сентябрда болгон. 53 жаштагы аял жаран денесинен 70% күйүк алган абалда ооруканага түшкөн.
Ал Кара-Суу районунун тургуну экени, мурда психикалык оорулуу катары доктурлардын каттоосунда болгону жана жанын кыюу үчүн өзүнө бензин чачып өрт койгону аныкталды.