Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:31

Таласта оор кылмышка шектүү жаран кармалды


Таласта мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, 17-сентябрь күнү күч колдонулуп өлтүрүлгөн адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тергөө учурунда маркум 64 жаштагы жаран болгондугу аныкталган. Ошондой эле анын бөлмөсүнөн спирт ичимдигинин бош бөтөлкөлөрү табылган.

Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен иш козголду.

Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмыш изин суутпай 36 жаштагы жаран кармалды. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө иштери уланууда. (AlS)

XS
SM
MD
LG