Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Мьянма лидери Ракхайн боюнча билдирүү жасады


Аун Сан Су Чжи
Аун Сан Су Чжи

Мьянма лидери Аун Сан Су Чжи 19-сентябрда Ракхайн штатындагы адам укуктарынын бузулушун сынга алып, андагы жаңжалдын кучагында калгандардын азабын сезип турганын билдирди. Ошондой эле тиешелүү кызмат адамдары бул боюнча жоопко тартыларын да белгиледи.

Лидер айым жаңжалга байланыштуу алгач ирет элине кайрылуу жасады.

- Бүтүндөй дүйнөдөгү көп досторубуз өрттөлгөн кыштактар жана сансыз качкындар тууралуу кабарларга тынчсызданып турушканын түшүнөм. 5-сентябрдан бери эч кандай чатактар жана минадан арылтуу боюнча аскердик операциялар болгон жок. Биз дагы тынчсызданып жатабыз. Биз дагы чыныгы көйгөй кайсы экенин териштиргибиз келет. Түрдүү жана карама-каршылыктуу ырастоолор чыгып жатат. Чара көрүүдөн мурун биз алардын ынанымдуу далилдерге негизделгенине ишенишибиз керек, - деди Аун Сан Су Чжи.

Ал ошондой эле 25-августта 30 полиция бекетине куралчан адамдар чабуул койгонун кошумчалады. Ошондон кийин тутанган кагылышуулардан кеминде 400 киши набыт болгон. 400 миңден ашуун рохинжа мусулмандары коңшу Бангладешке качууга аргасыз болушту.

БУУ жана эл аралык укук коргоо уюмдары муну сынга алышкан. Маселен, Эл аралык Мунапыс уюму Мьянмадагы рохинжа мусулмандарына каршы зомбулукту "этникалык тазалоо" деп мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG