Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Жээнбеков Ташиев менен шайлоо алдында биригүү себебин айтты


Президенттикке КСДП партиясынан бирдиктүү талапкер Сооронбай Жээнбеков “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев менен биригүү себебин түшүндүрдү.

“Экөөбүз жолугуп, кызмат сурабай, башкалардай "премьер болом" деп бөлүшбөй эле мамлекеттин биримдиги үчүн бириктик. Бул президенттик шайлоо мамлекеттин тагдырын чече турган окуя болот" деди Жээнбеков бүгүн Ташиев менен бирге Сузак районунун Барпы айылында шайлоочулар менен жолугушуп жатып.

Өзү президенттикке талапкер болуп катталган Ташиев оппозициядагы ишмердигин токтотуп, “келерки президент менен кызматташарын” кечээ Сузактын Комсомол айылында шайлоочулар менен жолугушууда билдирген.

Бүгүн ал "Мен талапкерлигимди Сооронбай Жээнбеков үчүн алдым" деп айтты.

Анын алдында оппозициядагы саясатчылар Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Бакыт Төрөбаев жана Камчыбек Ташиев “Кайра жаралуу” саясий партиясын түзүп, президенттик шайлоодо бийлик талапкерине каршы бир талапкерди сүрөө ниетин билдиришкен. Кийинчерээк ал аракет ишке ашпай калганы жарыяланган.

17-сентябрда Жалал-Абад шаарында шайлоочулар менен жолугушууда талапкерлер Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоо алкагында бириккенин жарыялашты.

Президенттикке аттанган 13 талапкердин үгүт иштери өлкө аймагында 10-сентябрдан бери уланып жатат. Шайлоо 15-октябрга белгиленген. (RsK)

XS
SM
MD
LG