Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Роухани: Трамптын сөзү "түркөй, маанисиз жана жийиркеничтүү риторика"


Ирандын президенти Хасан Роухани.
Ирандын президенти Хасан Роухани.

Ирандын президенти Хасан Роухани Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында жасаган кайрылуусунда АКШ президенти Доналд Трамптын бир күн мурда ушул эле трибунадан айткан сөздөрүн сынга алып, "түркөй, маанисиз жана жийиркеничтүү риторика" деп атады.

Роухани ошондой эле эгер Вашингтон Тегеран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда 2015-жылы келишилген Ирандын өзөктүк программасы боюнча макулдашуудан чыгууну чечсе "өз аброюна шек келтирерин" кошумчалады.

Бир күн мурда жасаган билдирүүсүндө АКШ лидери Доналд Трамп дүйнө мамлекеттери Иранга каршы туруусу зарылдыгын белгилеп:

- Дагы бир акылынан айныган режимге дүйнө элдери каршы турчу убакыт эбак бышып жеткен. Бул режим массалык кыргын тууралуу тартынбай ачык айтат, Америкага өлүм деп кайталап келатат, Израилди жер менен жексен кылууну, бул жерде отурган далай мамлекет жетекчилери менен улуттарды жок кылууну көздөйт, - деп айткан.

Трамп ушул апта башында Улуттар Уюмунун атомдук энергетика боюнча агенттиги (МАГАТЭ) келишимдин шарттарынын аткарылышын жетиштүү түрдө көзөмөлдөй албайт деген бүтүм чыгарса, Кошмо Штаттар макулдашуудан баш тартканга чейин барарын кыйыткан.

XS
SM
MD
LG