Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, Жаштар аллеясындагы "Көз айнек. Көз караш" инсталляциясын 18-сентябрда белгисиз кишилер талкалап кетип, 19-сентябрда калыбына келтириген. Бирок 21-сентябрда бул көрүнүш кайталанып, "Тазалык" аны бүгүн оңдоду. Бишкектин Ленин райондук администрациясы укук коргоо органдары менен бирге инсталляцияны бузгандарды издеп жатат. Инсталляция былтыр 27-июлда орнотулган.
Бийиктиги эки, узундугу алты метрлик көз айнек инсталляциясын DOXA art-group тобунун адистери жасашкан. Анда адам укуктарын урматтоого чакырган визуалдык тексттер жайгаштырылган.
Долбоор Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги жана “Сорос-Кыргызстан” фондунун жаштар программасынын колдоосу менен ишке ашырылган эле. (NT)