Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Казакстанда ЖМКлар жөнүндө мыйзам долбоорун өзгөртүү сунушталууда


Жаңы мыйзам долбоорун талкуулоо учуру. 22-сентябрь, 2017-жыл
Жаңы мыйзам долбоорун талкуулоо учуру. 22-сентябрь, 2017-жыл

Казакстанда “Адил сөз” уюму Маалымат жана байланыш министрлигине парламенттен ЖМКлар тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алууну жана токтоосуз түрдө жаңы мыйзам иштеп чыгууну сунуштады.

Уюмдун жетекчиси Тамара Калееванын айтымында, учурдагы мыйзам легитимдүү эмес, себеби ага жүздөн ашуун өзгөртүүлөр киргизилген. Ошондуктан ал жаңы редакцияга муктаж.

- Бул мыйзам эскирди. Анда интернет менен тыгыз иштеген ЖМКлар көрсөтүлгөн эмес. Башкача айтканда, бул жерде интернет басылмалары жакшы түзүлбөй калган. Башка карама-каршылыктар жөнүндө айтпай эле коеюн, - деди Тамара Калеева.

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, Казакстанда журналисттер маалыматтын аныктыгын суроо жиберүү аркылуу текшерүүгө, ошондой эле макалада аты аталган адамдардын жеке, үй-бүлөлүк, банктык жана башка сырларын жарыялоо үчүн алардын макулдугун алууга милдеттендирилет. Жергиликтүү укук коргоочулар буга макул эмес.

XS
SM
MD
LG