Линктер

бейшемби, 19-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:32

Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин шайлоо фонду тууралуу тараткан маалыматы боюнча эң көп каражатты Өмүрбек Бабанов сарптоодо. Бабанов 25-сентябрга карата фондуна 160 миллиондон ашык сом салып, үгүт иштерине анын 144 миллионун жумшаган. Сооронбай Жээнбеков 75 миллион сомдун, 62 миллионун, Бакыт Төрөбаев 47 миллиондун 13 миллионго жакынын, Темир Сариев 33 миллиондун 31 миллионун үгүт иштерине сарптаган.

Шайлоо фондуна эң аз акча которгон талапкер - Камчыбек Ташиев. Ал жарыштан четтегенге чейин 1 миллион 100 миң сом сарптаган.

Өзгөргөн шайлоо мыйзамы боюнча президенттикке талапкер фондуна кеминде бир миллион сом салууга тийиш. 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого 12 талапкер үгүт иштерин жүргүзүүдө. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG