Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Фейсбук Германиядагы шайлоо алдында он миңдеген фейктерди өчүргөн


Бул тууралуу социалдык тармактын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, ушак жана чагым маалыматтардын таратылуусуна каршы күрөшүү үчүн шайлоо алдында Facebook Германиянын маалыматтык коопсуздук кызматы менен иштеген.

Германиядагы шайлоодо жеңишке канцлер Ангела Меркел жетектеген партия жеткен. Ошондой эле Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери алгачкы жолу Бундестагга улутчулдардын "Германия үчүн альтернатива" партиясы да кирген. Аталган партиянын айрым өкүлдөрү орус бийлиги менен байланыштарын ачык эле маалымдап жүрүшөт.

Сентябрдын башында Facebook Орусия менен тыгыз байланышы бар күчтөр АКШдагы президенттик шайлоонун алдында үч миңден ашуун саясий жарыяларды соцтармакка чыгарышканын маалымдаган. Апрель айында, Франциядагы президенттик шайлоонун алдында Facebook 30 миң чамалуу жасалма беттерди же фейктерди жапканын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG