Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:03

Бүгүн премьер-министр Сапар Исаковдун Орусияга расмий сапары башталат


Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков менен орусиялык кесиптеши Дмитрий Медведев. Кошмо сүрөт.
Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков менен орусиялык кесиптеши Дмитрий Медведев. Кошмо сүрөт.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаков 29-сентябрда Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугат. Ошондой эле «Сколково» инновациялык борборунун иши, Москванын «Коопсуз шаар» долбоору менен таанышат.
30-сентябрда өкмөт башчы Сапар Исаков Москвадагы «Кыргызстан» павильонунун абалы менен таанышып, кыргызстандык ишкерлердин «Muras Clinic» медициналык борборунун ачылышына катышат. Андан тышкары Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугат.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Сапар Исаковдун Орусияга расмий сапары Кыргызстандын өкмөт башчысынын 26 жылдан берки алгачкы расмий деңгээлдеги сапары болууда. Бул аралыкта Эгемен Кыргызстандын тарыхында 29 өкмөт башчы алмашты.

Сапар Исаков Кыргызстандын премьер-министри болуп 25-августта дайындалган. Ага чейинки өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого ат салышып жатканына байланыштуу кызматын тапшырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG