Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:44

Ташкент: адвокаттар диссидент жазуучуну жактоодон баш тартууда


Нурилло Отаханов
Нурилло Отаханов

Өзбекстанда бир нече адвокат жазуучу Нурилло Отахановдун укугун сотто коргоодон баш тартты. Бул тууралуу анын жубайы Гүлнара Отаханова "Азаттыктын" өзбек кызматына билдирди. Анын айтымында, жазуучунун үй-бүлөсү Ташкент шаардык адвокаттар коллегиясынын бир нече мүчөлөрүнө кайрылган. Ал адвокаттардын баары бул ишке аралашуудан коркуп жатканын айтышкан.

63 жаштагы Отаханов Түркияда эки жыл бозгунда жүргөндөн кийин Ташкентке кайтып келери менен 26-сентябрда аэропортто кармалган. Ага «Бу кунлар» («Бул күндөр») деген китебинде экстремисттик идеяларды пропагандалаган деген айып коюлуп жатканы кабарланган. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазуучуга Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө шек келтирди деген негизде кылмыш иши козголгонун билдиришкен.

XS
SM
MD
LG