АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Корей жарым аралындагы кырдаалды жөнгө салууда сабырдуу болууга чакырды. 30-сентябрда Бээжинде Кытай төрагасы Си Цзинпин менен сүйлөшүүдөн кийин өткөргөн маалымат жыйында Тиллерсон Түндүк Корея да ракета сыноону токтотушу керектигин айтты.
Мамлекеттик катчынын белгилешинче, Вашингтондун Түндүк Кореяны ядролук держава катары таануу ниети жок. Ошол эле маалда Ким чен Ындын авторитардык режимин кулатуу боюнча аракеттерди максат кылбайт.
Кытай-америка сүйлөшүүлөрүндө соода маселеси жана АКШ президенти Дональд Трамптын Кытайга күтүлгөн сапарына даярдык да талкууга алынды.
Вашингтон Пхеньяндын ядролук жана ракета сыноо боюнча программаларды токтотуудан баш тартканына жооп кылып Бээжиндин Түндүк Кореяга карата басымын күчөтүүгө жетишүүдө.
28-сентябрда Кытай 2018-жылдын январында өз аймагында иштеген түндүк кореялык бардык компаниялар ишин токтотушу керектигин жарыялаган. Чет мамлекеттердеги Кытайдын Түндүк Корея менен биргелешкен ишканалары да токтой турганы айтылган.