Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери бүгүн Талас шаарында митингге чыгып, алдыдагы президенттик шайлоону таза өткөрүү талабын коюшту.
Облустук акимчиликтин алдына чогулган эл "Шайлоо - бул каралоо эмес, тандоо", "Бийлик эл тандоосуна тоскоол болбосун!", "Административдик ресурс - алсыз бийликтин куралы", "Кара пиар - бул интрига", "Талапкерлерге бирдей мамиле каралсын!" деген жазууларды кармап турушту.
Анда чыгып сүйлөгөндөр таза шайлоо өткөрүүнү талап кылышты, Бабановду "каралоо" болуп жатканын айтышып, аны токтотууга бийликти чакырышты. Жыйынга катышкандардын саны 500дөн ашканын уюштуруучулар билдиришти. Жергиликтүү милиция да муну ырастады. Митинг үч саатка созулуп, чогулгандар "акыйкат шайлоо өткөрүүгө президент кепил болуп берсин" деген талап менен тарап кетишти. Жыйында коомдук тартипти милиция көзөмөлдөдү. (AlS/NT)