Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Кара-Сууда Лениндин эстелиги чүмбөттөлдү


Лениндин кепинделген эстелиги. Мады айылы, Кара-Суу. Октябрь, 2017-жыл
Лениндин кепинделген эстелиги. Мады айылы, Кара-Суу. Октябрь, 2017-жыл

Оштун Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүнүн борборунда турган Лениндин эстелиги чүмбөттөлгөнүн жергиликтүү тургундар "Азаттык" радиосуна кабарлашты. Алардын айтымында, Ленинди чүмбөттөө аталган айыл өкмөттүн башчысынын демилгеси болгон.

Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Жамшитбек Матанбаев эстелик ремонт иштери жүргүзүлгөнгө чейин чүмбөттөлүп турарын "Азаттык" радиосуна маалымдады:

- Лениндин эстелигинин колу сынып калган экен. Аны айылдын башка жагына көчүрүү жөнүндө сунушубуз жогору жактан колдоо тапкан жок. Эми аны ремонттогонго чейин ошентип ороп турууну чечтик. Абалы өтө начар болуп кеткен эле.

Кара-Суу районунун Мады айылындагы бул эстеликти оңдоого 70 миң сом сунушталып, тендер жарыяланган. (YI)

XS
SM
MD
LG