Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

УКМК: Канатбек Исаев тергөө бүткөнчө камакта болот


Канатбек Исаев
Канатбек Исаев

Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасы аныкталды. Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашкандай, бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны тергөө аяктаганча камакта кармоо чечимин чыгарды.

"Кыргызстан" партиясынын лидери, ЖК депутаты Канатбек Исаевди УКМК 30-сентябрда кармап, камакка алган.

Ал Башкы прокуратура "массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" деген айып боюнча козгогон кылмыш ишинин алкагында кармалганы маалымдалган.

Исаевдин тарапкерлери ал күнөөсүз экенин айтып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG