Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:32

Шайлоо-2017: Бюллетендер аймактарга жөнөтүлө баштады


Алгачкы бюллетендер Жалал-Абад, Ош жана Баткенге жөнөтүлдү
Алгачкы бюллетендер Жалал-Абад, Ош жана Баткенге жөнөтүлдү

Кыргызстанда шайлоо бюллетендери аймактарга жөнөтүлө баштады. Бүгүн «Учкун» басмаканасында Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын аймактык шайлоо комиссиялары үчүн бюллетень кабыл алуу жана жөнөтүү актына кол коюу аземи өттү.

Боршайкомдун маалыматына караганда, Жалал-Абад облусуна 544 795, Ош облусуна– 588 948, Баткен облусуна 243 263 даана бюллетень жиберилди.

Ал эми Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарына шайлоо бюллетендери 4-октябрда жөнөтүлөт.

Жалпысынан 3 млн 31 миң 811 бюллетен даярдалган, анын ичинен 2 млн 461 миң 219 мамлекеттик тилде, ал эми 570 миң 592 расмий тилде.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (RK)

 

XS
SM
MD
LG