Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:59

Нарын Айыпка “Улут абийири” сыйлыгы ыйгарылды


"РухЭш" сайтынын сыйлыктарын берүү учуру.

Журналист Нарын Айыпка Салижан Жигитов атындагы "Улут абийри" сыйлыгы 1-октябрда коомду агартуу багытындагы "РухЭш” сайтынын бир жылдык тушоо кесүү аземи жана адабий кечесинде ​берилди. Бул наам журналистке жалпы коомчулуктун мүдөөсүнө шайкеш багыттагы туруктуу позицияны карманып келаткандыгы үчүн ыйгарылды.

Азыркы тапта журналист Нарын Айыптын үстүнөн жүрүп жаткан сот иши соңуна чыга элек. Ал президент тууралуу жазган макаласынын негизинде райондук жана шаардык соттун чечими менен 3 миллион сом айып жыгылган.

Быйыл 1-сентябрда Адам укуктарынын бүткүл дүйнөлүк кыймылы (FIDH) жана Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюмунун (OMCT) альянсы Кыргызстандагы адам укугунун жана сөз эркиндигинин абалына байкоо салууга үндөгөн билдирүү тараткан. Анда Кыргызстандагы "Адилет" укук клиникасынын төрайымы, мурдагы депутат Чолпон Жакупова, көз карандысыз "Заноза" сайтынын башкы редактору Дина Маслова жана журналист Нарын Айып соттук куугунтуктоого кабылганы белгиленет.

“РухЭш” сайты мындан сырткары география илиминин доктору, профессор Эмил Шүкүровго Ишенбай Абдразаков атындагы "Руханий эш" сыйлыгы ыйгарды. Бул наамдар эми мындан кийин жыл сайын улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыкты коргоп келаткан инсандарга берилери айтылды. (ZA)

XS
SM
MD
LG