Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Укук коргоочулар оогандыктарды мекенине кайтарууну токтотууга чакырууда


Германиядан чыгарылган оогандык качкын жигит
Германиядан чыгарылган оогандык качкын жигит

Укук коргоочулар Европа Биримдигин ооганстандык качкындарды кайра өз мекенине кайтарууну токтотууга чакырды. Эл аралык мунапыс (Amnesty International) уюмунун жаңы баяндамасында кайтып барган оогандардын өмүрү коркунучта экени айтылат. Өткөн жылы Европа өлкөлөрүнөн 9 миңден ашуун качкын Ооганстанга жөнөтүлгөн.

Уюм Европа өлкөлөрүнүн лидерлери башпаанек сурап келген ооганстандыктарды күчтөп өз мекенине кайтарып жатканы “эл аралык укукту атайылап бузуу” болуп саналат деп айтып чыкты. Баяндаманын авторлору миңдеген оогандыктардын укуктары бузулуп, зордук-зомбулукка, кыйноолорго, өлүмгө дуушар болуп жатканын билдирет.

Жаңы баяндамада күчкө салып жана “өз эрки менен” депортацияланган качкындардын саны өткөн жылы мурдагыга салыштырганда үч эсеге көбөйүп – тогуз жарым миң кишиге жеткени белгиленет. Алар негизинен Норвегиядан, Голландиядан, Швециядан жана Германиядан өз жерине кайтарылгандар.

XS
SM
MD
LG