Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Түркиянын оор аскерий техникасы Идлибге кирди


Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясы.
Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясы.

Түркиянын оор аскерий техникасы жекшембиде Сириянын Идлиб провинциясына кирди. Бул тууралуу “Рейтерс” агенттиги жергиликтүү тургундарга шилтеме берип жазды. Кабарларга ылайык, түрк аскерлери менен "Тахрир аш-Шам" жихадчы кыймылынын жоочулары бири-бирине каршы жекшембинин таңында ок чыгарышкан.

Мурдараак Анкара бул районду көзөмөлдөгөн "Тахрир аш-Шам" уюмуна каршы аскердик операция баштарын жарыялаган.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган ишембиде түрк күчтөрүнүн колдоосуна ээ сириялык козголоңчулар Идлибде аскерий операция баштарын белгилеп, Анкара өз чек араларына жакын аймактарда “террорчулардын коридорун” түзүүгө жол бербестигин айткан.

Сентябрь айында Түркия, Орусия жана Иран Идлибде жана ага жакын аймактарда деэскалация зонасын түзүүнү макулдашкан. Тегеран менен Москва алты жылдан бери токтобой жаткан жарандык согушта Сириянын президенти Башар Асадды колдоп келишет.

Идлибде жана анын жака белинде эки миллиондой адам жашайт.

XS
SM
MD
LG