Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Жетимишбаев: Аспековдун сүйлөшүүсүндө көп сөздөр кесилип калган


Мурат Жетимишбаев
Мурат Жетимишбаев

Коомдук ишмер, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын өкүлү Мурат Жетимишбаев “Мекенчил” саясий партиясынын лидерлеринин бири Мелис Аспеков менен болгон телефон сүйлөшүүдө бир топ сөздөр кесилип, монтаждалып калганын “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, Аспеков партия лидерлери, талапкерлер менен жолугуштуруп, сүйлөштүрүүнү суранган.

- Мен Мелис Аспеков менен Фейсбуктан эле таанышмын, жакшы билбейм. Ал жигит мага чалып “Мекенчил” партиясына кошулганы жатканын айтып, лидерлер менен байланыштырып коюумду суранды. Мен өзүңөр билдирүү кылып эле кошулбайсыңары, мен кантип байланыштырам? Төрөбаевге бир ооз айтышым мүмкүн дедим. Анын баарын кыркыптыр, дагы көп сөз жок болуп жатпайбы. Кайра-кайра бир телефондорду жиберип, ошого чалуумду суранды. Бул таза чагым болуп жатат.

Интернетке Аспеков жана коомдук ишмер Мурат Жетимишбаевдин телефон сүйлөшүүсү делген аудиотасма тараган. Анда 15-октябрь тууралуу, партия лидерлери менен жолугушуу, маркум кримтөбөл Алмамбет Анапияевдин агасы Калмамбет деген келгени жана анын спортчу балдары бар экени тууралуу сөз болгон.

9-октябрда кечинде “Мекенчил” саясий партиясынын лидерлеринин бири Мелис Аспеков "массалык башаламандык уюштурууга аракеттенген жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн" деген шек менен, Жогорку Кеңеш депутаты Канатбек Исаевге козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирген.

Атайын кызмат тараткан маалыматта "Мелис Аспеков белгилүү бир адамдардын тобунун кызыкчылыгы үчүн президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыяланган соң, айрым жарандар менен алдын ала бүтүм боюнча Кыргызстандагы абалды туруксуздаштыруу пландарына катышкан".

УКМКнын Тергөө башкармалыгы Аспековго 9-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 27-233-беренелеринин 1-бөлүгү (массалык башаламандыкка даярдык көрүү), 27-295-беренелери (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө жүрүп жатканы кабарланды.(КЕ)

XS
SM
MD
LG