Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Грузияда оппозиция активисттери кармалды


Оппозиция активисттери менен полициянын тиреши. Тбилиси, 10-октябрь, 2017-жыл.
Оппозиция активисттери менен полициянын тиреши. Тбилиси, 10-октябрь, 2017-жыл.

Оппозициянын кеминде сегиз активисти 10-октябрдын кечинде борбор Тбилисиде полиция менен тирешүүдөн соң кармалышкан.

Оппозициянын жүздөгөн активисти кечээ шаардык кеңештин миллиардер жана бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын негиздөөчүсү Бидзина Иванишвилиге байланышы бар курулуш компаниясына Тбилисинин борбордук Эркиндик аянтынан жер берүү планына каршылык билдирип чыгышкан эле.

Активисттер шаардык кеңештин бул маселени талкуулаган сессиясына катыштырууну да талап кылышкан. Бирок оппозиция өкүлдөрүнүн сессияга катышуусуна уруксат берилген жок.

Миллиардер Иванишвили “Грузин кыялы” партиясын 2012-жылкы парламенттик шайлоодо бийликке алып келген.

Өзү андан кийин бир жылдан көбүрөөк премьер-министр кызматында иштеген соң саясаттан кеткенин жарыялаган болчу. Бирок Грузияда көптөр Иванишвили азыр да партиясын жана грузин бийлигин көшөгө артынан көзөмөлдөйт деп санашат. (UE)

XS
SM
MD
LG